Депутат Токон Мамытов «дежурдук» доклад менен тааныштырды деп нааразы болду

17:18, 24 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Депутат Кенжебек Бокоев парламенттик отурумда Токон Мамытов «дежурдук» доклад менен тааныштырды деп нааразы болду.

Эл өкүлүнүн айтымында, отчетто 2016-2017-жыл үчүн акыйкатчынын сунуштарын аткарбаган министрликтердин жана ведомстволордун тизмеси көрсөтүлгөн эмес. Саясий туткундар тууралуу маалымат дагы жок.

«Тергөө органдары саясий мотив менен кылмыш ишин козгоону улантып жатышат. Бирок, кандай негизде? Эмне үчүн акыйкатчы институту эч кандай чара көрбөйт?», -деди Кенжебек Бокоев.