Ипотека боюнча пайыздык ставканы төмөндөтүү каралууда

16:45, 24 октября 2018, Бишкек - 24.kg

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсы октябрдын акырына чейин мамлекеттик ипотека боюнча пайыздык ставканы 8ден 7 пайызга чейин төмөндөтүүнү убада кылууда. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул максатта Каржы министрлиги каражат бөлүшү керек. Аталган министрлик 500 сом бөлсө, 400-500 кишиге ипотека бергенге жетмек.

Азыркы тапта пайыздык ставканы бир пайызга төмөндөтүү боюнча иштер жүрүп жатат.