02:02
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Өзбекстанда белгилүү ырчы Арашка 25 миң доллар айыппул салынды

Өзбекстанда Ташкенттеги продюсердик компания менен теги ирандык Швеция ырчысы Араштын ортосундагы соттук териштирүү боюнча өкүм чыкты.

Ташкент облустук экономикалык соттун чечимине ылайык, Араштын кызыкчылыктарын коргоп жаткан «Extensive Music Sweden AB» компаниясы $25 миң өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттендирилди.

Ал Nigora Media Group продюсердик компаниясы менен түзүлгөн келишимди бузууга күнөөлүү деп табылды. 

Nigora Media Group компаниясынын башчысы Нигора Соимдин айтымында, Араштын Ташкенттеги концертинин бир күн калганда үзгүлтүккө учурашынан улам алар 50 миң доллар чыгашага учурашкан. Доо арызында ал компенсация катары Араштан 70 миң доллар өндүрүп берүүнү талап кылган.

Араштын концерти Ташкенттеги 6 миң кишиге ылайыкташкан «Истиклол» искусство сарайында былтыр 13-октябрда өтүшү керек болчу. Ага билеттер 60 доллардан 250 долларга чейинки баада сатылган. Алгач концерт 31-октябрга жылдырылып, бирок бир күн калганда Араш Өзбекстанга баруудан баш тартып, бул кадамын өзбек уюштуруучулары өз милдеттерин аткарбагандыгы менен түшүндүргөн.

Нигора Соим 23-октябрда келишим боюнча ал Араштын жалпы эмгек акысынын 50 пайызын алдын ала төлөп бергенин, муну ырастаган документтер бар экенин билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума