15:06, 24 октября 2018, Бишкек - 24.kg
«Республика — Ата Журт» фракциясынан жаңы депутат Нурбек Тотонов болушу мүмкүн.
Партиянын талапкерлер тизмесинде ал мандат алуу боюнча № 90 болуп катталган.
Эске салсак, бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев депутат Акылбек Жамангуловду «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору кылып дайындады.
Нурбек Тотонов 41 жашта. Ал 3 жогорку билимдин ээси.