14:07
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте кулатуу эр таймаш боюнча Азия чемпионаты өтөт

Бишкекте кулатуу эр таймаш боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, спорттук иш-чара 2-4-ноябрь күндөрү «Газпром» спорткомплексинде өтөт. «Азиянын спорту — терроризмге жана баңгизатына каршы» ураанынын алдында уюштурулуп жаткан мелдешке Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн республикалык сынактарынан жеңүүчүлөрү катышмакчы.

Былтыр Азиянын чемпионаты Алматыда өткөрүлгөн, келерки жылы Тажикстандагы Худжанд шаарында уюштуруу пландалууда.

Эң көп окулган жаңылыктар