Туулган күнгө белек. Акылбек Жамангулов MegaCom компаниясынын башчысы болду

13:46, 24 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Акылбек Жамангулов MegaCom уюлдук операторунун башчысы болуп дайындалды. Бүгүн жаш ишкердин туулган күнү, 30га чыкты.

2015-жылы ал «Республика — Ата Журт» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Буга чейин ишкерлик менен активдүү алектенип келген. Ал эл өкүлү болуп турган маалда дагы ишкерликти таштаган эмес.

Ал бир катар ишканаларда «Кок-Ойрок», «Альфа Ширсфилд Аудит», «Альфа Маркетинг», «Арвин», «Тар-Суу», «Кыргызская агропродовольственная корпорация», Gold King Plusта эмгектенгени айтылууда.