Памирде жашаган этникалык кыргыздар үчүн жардам. 60 тонна жүк жеткирилди

10:11, 24 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Кичи жана Улуу Памирде жашаган этникалык кыргыздар үчүн гуманитардык жүк жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Экспедициянын жүрүшүндө памир кыргыздарына 20 тонна ун, 4 тонна кумшекер, 4 тонна макарон жана башка азык-түлүк продуктулары, ошондой эле 20 метр куб жыгач, 120 даана темир меш, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жеткирилди.

Афганистан Ислам Республикасындагы Кичи жана Улуу Памирге аталган гуманитардык жүк 7 оор жүк ташуучу унаа менен жеткирилген, жүктүн жалпы салмагы болжол менен 60 тоннаны түзөт.