Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газын берүү чектелди. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын коом менен байланыш бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу 22-октябрдан 26сына чейин жаратылыш газын берүү төмөнкү даректерде чектелет:
- Аламүдүн суусу, кичи Чүй каналы менен чектеш райондордо, Коллектив, Аул, Колхоз, Киргиз, Логвиненко, Биринчи Май, Белинский, Бухара көчөлөрү менен чектеш аймактарда;
- Сары-Челек көчөсүндө.
24-октябрда
- саат 8.30дан 17.00гө чейин Токмок шаарындагы Пушкин көчөсү № 153-165; Пролетарская, 65-73; Өзбек, 66-76, Татар, 44-52;
- Ленин айлындагы Алма-Ата көчөсү 6-68; 1-19;
- Аманбаев айылындагы Абдалы көчөсүндө газ берилбейт.