Социалдык түйүндөрдө бир окуучу 3 окуучуга карата күч колдонуп жаткандыгы тууралуу видео жарыяланды. Автордун айтымында, окуя борбор калаадагы № 66 мектепте болгон.
Бишкек мэриясы аталган окуяга түшүндүрмө берди. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, рэкетчилик фактысы катталган жок. 8-класстын окуучусу өзүнөн бир класс төмөн окуган бала менен ич ара мамилелерин чечип жатышкан.
«Балдар жана алардын ата-энелери РИИБга чакырылды. Балдар жаракат алышкан эмес, өспүрүмдөр арасында пикир келишпестиктер гана болгон. Эки тарап жарашып, мектеп жетекчилигине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», -деп жазылат маалыматта.