Кыргызстандыктар спорттук жана бал бийи боюнча мелдеште 15 медалдын ээси болушту

09:06, 24 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык бийчилер Казакстанда өткөн спорттук жана бал бийи боюнча Dance Quality 2018 мелдешинде 15 медалдын ээси болушту. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан маалымдашты.

Билдирүүгө караганда, иш-чара Алматыда өттү. Ага Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан келген бийчилер катышкан.

Кыргызстандык бийчилердин 6оосу биринчи орунду, 5өө экинчи орунду, 4өө үчүнчү орунду ээлешти.