MegaCom компаниясын менчиктештирүү программасына киргизишкен жок

16:31, 23 октября 2018, Бишкек - 24.kg

MegaCom компаниясын менчиктештирүү программасына киргизишкен жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Мамлекеттик мүлк башкармалыгы боюнча фонддун башчысы Ренат Түлөбердиев билдирди.

Айтымында, менчиктештирүү жаңы программасы өкмөт тарабынан жактырылып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү. Бирок компания эмнеге тизмеге кирбей калгандыгын Ренат Түлөбердиев айткан жок.

Өкмөт Мегакомду мамлекеттик менчикте калтыруу ниетинде.