Москва районунда эки оор жүк ташуучу унаа сүзүштү

11:32, 23 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Москва районунда эки оор жүк ташуучу унаа сүзүшүп, кесепетинен айдоочулар оор жаракаттарды алышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка таянсак, DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен КамАЗ сүзүшкөн. Жол кырсыгы катталган жерге куткаруучулар барып, айдоочуларды унаадан чыгарып, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришти.

Окуя Бишкек-Ош унаа жолунун 34-чакырымында (Садовое айылында) орун алган.