УКМК тарабынан өткөрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Баткен облусунун 1989-жылы туулган тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, ал «WhatsApp» социалдык тармагында 100 абонент катталган топ түзүп, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видеороликтерди жайгаштыргандыгы аныкталды.
2010-жылкы окуяларда өзбек улутундагы белгисиз адамдар кыргыз улутундагы адамдарды сабап жана ошондой эле кыргыз улутундагы жаш балдар өзбек улутундагы адамдарды сабагандыгы үчүн, кечирим сураткан 2010-жылы тартылган видео роликтерди жайылткан.
Азыркы убакта кармалган киши материалдарды таркатуу боюнча жасаган ишин мойнуна алып, өкүнгөндүгүн билдирүүдө.