Нариман Түлеев менен Алмазбек Атамбаевден селфи

10:30, 23 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Социалдык түйүндөрдө Нариман Түлеев менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин селфи кылган сүрөтү жарыяланды. Бишкектин мурунку мэринын айтымында, Алмазбек Атамбаевди учакта көргөндө алгач ага карата орой сүйлөп, кийин гана жайбаракат пикир алышкан.
Фото
 
Ал тургай президент болуп турганда Нариман Түлеевдин айткан сындарын укпагандыгын кошумчалаган. «Ал отуруп, мени кунт коюп укту. Менин комментарийимден мурун эч ким кылбасын деп селфи кылдым», -деди мурунку мэр.
 
Мурунку өлкө башчы кечээ Москвага учуп кетти. Ал Азиялык саясий партиялардын Эл аралык конференциясына катышмакчы. 
Фото