Бишкек-Ош жолунун 168-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 2 жаран каза тапты. Дагы 2 жабырлануучу ооруканага жеткирилди.
Honda Odyssey унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, жолдун четине чыгып оодарылып калган.