Бишкек-Ош жолундагы кырсык 2 кишинин өмүрүн кыйды

09:15, 23 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек-Ош жолунун 168-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 2 жаран каза тапты. Дагы 2 жабырлануучу ооруканага жеткирилди.

Honda Odyssey унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, жолдун четине чыгып оодарылып калган.