Кыргызстандык спортчу самбо боюнча дүйнө чемпионатында 2-орунду алды

08:48, 23 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык спортчу Мурат Баймулдинов самбо боюнча чеберлер арасында өткөрүлгөн дүйнө чемпионатында 2-орунду алды. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча эл аралык федерациядан билдиришти.

Фото

Мелдеш Мароккодо өттү. Медалдар 35-39 жаш арасы, 65 жаш жана андан жогору жаш өзгөчөлүгүнө жараша ойнотулду.

Мурат Баймулдинов 50-54 жаш арасында 74 салмак ченинде ат салышып, Украиналык спортчуга алтын медалды алдырып жиберди.