Алматыда жоголгон журналисттин сөөгү табылды

13:43, 22 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Алматыда жергиликтүү телеканалдардын биринин 21 жаштагы журналисти Айгерим Мусаеванын сөөгү табылды. Шаардык ички иштер департаментинин басма сөз кызматы билдиргендей, журналист болжол менен тепловоздун алдында калып каза болгон.

19-октябрда Алматы ички иштер департаментине үй-бүлөлүк чатактан кийин үйдөн чыгып кеткен 1991-жылы туулган жубайы Айгерим Мусаева дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган.

Полициянын маалыматына караганда, Мусаеванын сөөгү 20-октябрга караган түнү шаардагы негизги пайдаланууда болбогон магистралдын темир жолунда табылган.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда бул окуя боюнча транспорттук полиция текшерүү иштерин баштады.