Быйыл 20-февралда Свердлов райондук соту «кызматынан кыянат пайдаланган» деген айыптын негизинде Александр Кимди алты жылга шарттуу кесип, «Вечерний Бишкектин» азыркы кожоюну Александр Рюбушкинге 27 миллион доо төлөөгө милдеттендирген. Чечимди шаардык сот күчүндө калтырган.
Ким бул иштин саясий өңүтү бар экенин билдирип, жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу аны кайра карап чыгууну суранган.
2014-жылы Александр Рябушкин сотко арыз жазып, 2005-жылы басылмадагы өз үлүшүн Ким тартып алганын билдирген. Анын арызы канааттандырылып, «Вечерний Бишкек» толугу менен Александр Рябушкинге өткөн.
Быйыл сентябрда Башкы прокуратура «Вечерний Бишкек» гезитинин айланасында жаңы кылмыш иши ачылганын, ага Александр Кимдин Рябушкиндин үстүнөн жазган арызы негиз болгонун кабарлаган.