Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 105-чакырымында Toyota менен Mercedes үлгүсүндөгү эки унаа сүзүштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгынын кесепетинен 1 киши каза болуп, 6 жүргүнчү жабыркады.
Окуя болгон жерге келген куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.