Бишкек -Нарын -Торугарт унаа жолундагы кырсык 1 адамдын өмүрүн кыйды

10:12, 22 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 105-чакырымында Toyota менен Mercedes үлгүсүндөгү эки унаа сүзүштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгынын кесепетинен 1 киши каза болуп, 6 жүргүнчү жабыркады.

Окуя болгон жерге келген куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.