08:39
USD 84.52
EUR 100.51
RUB 1.15

Баласы менен кошо 4-кабаттан боюн таштаган аял тергөө абагына киргизилди

Ошто кичинекей баласы менен кошо 4-кабаттан боюн таштаган аял  тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине түштүк борбордун ИИБ билдирди.

Маалыматка таянсак, кармалган аялга баласын өлтүрүүгө аракет кылган деген айып тагылууда.

«Бала реабилитациялык балдар үйүндө кармалууда. Соттун токтому менен аял Жалал-Абад облустук тергөө камагына киргизилди», -деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 6-сентябрда Ошто 4- жаштагы аял баласы менен 4-кабаттан боюн таштаган. Ал мындай кадамга күйөөсү менен урушуп ажырашып кеткендиги үчүн барганын айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар