Талант Сарбагышев Чолпон -Ата шаарынын мэри болуп шайланды

16:38, 19 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Талант Сарбагышев Чолпон -Ата шаарынын мэри болуп шайланды. Анын талапкерлигин «Табылга» жана «Республика» фракциялары сунушташкан. Анын шайланышына 20 депутаттын ичинен 12си добуш берген.

Талант Сарбагышев —милициянын отставкадагы полковниги. Ал 2016-жылы декабрда Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган. Былтыр январда төрага болуп дайындалган.

Эске салсак, мурунку мэр Карыбек Саралаев депутаттардын ишениминен ажырагандан кийин кызматтан кеткен.