13:00, 21 октября 2018, Бишкек - 24.kg
Мыйзамдуу түрдө Германияга кантип барууну, кантип иш таап жана жогорку билим алууну, немецтердин жашоо шартына кантип тез көнүүнү Гүлбара Орозова баарынан жакшы билет. Мекендешибиздин четте жашаганына 20 жыл болот. Анын 15 жылын мигранттарды интеграциялоо боюнча аймактык жана федералдык пилоттук долбоорлорду жетектөө менен өткөрдү.
Азыр Гүлбара 2 компанияны жетектейт. Алардын бири мигранттарды колдоп, немец фирмаларына жана уюмдарына кызматка орноштурууга жардам берет. Мындан тышкары Германияда мыйзамдуу ишкерликти жүргүзүү боюнча кеңешчи болот. Бул жылы каарманыбыз КММА жана «Замандаш» ассоциациясы менен макулдашууга кол койду. Ал биздин мигранттардын мыйзамдуу ишке орношуусуна, ал эми студенттердин окуусун улантуусуна жардамчы болмокчу.
—Сизге Германияда ишке орноштурууга жардам бериңиз деп кайрылгандардын саны көппү?
—Жумасына 2-3 мекендешибиз миграция жана иш издөө маселелери боюнча кеңеш алуу үчүн кайрылышат. Көпчүлүгү дарыгерлер, алар Германияда иштөөнү каалашат. Ошондой эле, учурда Орусияда иштеп жүргөн кыргыз дарыгерлери да кайрылышат.
— Сиз өзүңүз Германияга качан жана кантип кетип калдыңыз?
— Мен мында 1998-жылы немец профессору Рихард Гратхофдун чакыруусу менен келгем. Анда Билефальд университетинде биргелешкен илимий долбоорго катышуу максатым бар болчу. Ага чейин Орус илимдер академиясында социология институтунда иштечүмүн. Кийин профессордун чакыруусу менен үй-бүлөмдү алып келгем.
— Демек, дароо эле ишке кириптирсиз...Кантип көнүп кеттиңиз?
-Мен дүйнө адамымын, дүйнөнүн ар бир бурчунан өзүмдү жакшы сезем. Мындан улам Германияга тез эле көнүп кеттим. Профессор Гратхофф жана жаңы немец досторум мага абдан көп жардам беришти. Анын үстүнө мектепти бүткөндөн кийин дароо Москвага окууга кеткем, ал жакта дээрлик 12 жыл жашадым.
— Биздин көпчүлүк мекендештер ар кандай программа менен Германияга барып, жогорку билим алып жатышат. Ал жактын окуу бааларын айтып бересизби?
— Менин балам дагы студент. Ал Бонн университетинде окуйт. Германияда мамлекеттик окуу мекемелеринде окутуу бекер. Болгону Баден-Вюртембергде чет өлкөлүк студенттер үчүн билим алуу акылуу (бир семестр үчүн 15 миң еврого жакын). Мен Түндүк Рейн-Вестфалияда жашайм, окуусу бекер.
— Биздин мекендештер немец ЖОЖдорун аяктагандан кийин Германияда адистиги боюнча иш таап кете алышабы?
-Биздин мекендештер Германияда иш таап кетет. Ал тургай кыргызча же башка билими менен жумушка орношкондор бар, эң башкысы сиздин дипломду кабыл алышса болгону. Ошондой эле, мыкты адис болушуңуз керек.
— Германияда кыргыздар кандай чөйрөдө эмгектенишет?
-Ар кандай чөйрөдө эмгектенгендер бар. Мен билген бул жакта иштеген хирургдар бар, тааныштарым экономика жана менеджер багытында да иштешкен. Белгилүү музыкант мекендештерибиз бар.
Германиядагы эң белгилүү кыргыз-Чыңгыз Айтматов. Орто жана улуу муундагы немецтер Кыргызстан тууралуу угуп калса, «Жамиля» жана «Кыяматтан» кеп башташат.
-Германияда сизге эмне жетишпейт?
-Мага өзүбүзгө гана таандык бийик тоолор, даамдуу азыктар жетишпейт. Кыргыздын тамак-аштарын жасайм, бирок даамы такыр окшошпойт.