USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

Кыргызстанда СССР маалындагы № 1 борт, бир гана учак калды

12:18, 19 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда СССР маалындагы № 1 борт, бир гана учак калды. Бул тууралуу маалымат жыйында жарандык авиация ишмердүулүгүн өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Алымбай Абакиров билдирди.

Айтымында, президент колдонуп жүргөн № 1 борт Советтер Союзу маалында чыгарылган. Калган авиакомпаниялар чет элдик өндүрүшчүлөрдүн учактарын пайдаланып жүрүшөт.

«Жаңы учак сатып алууга 80 миллион доллардан 100 миллион долларга чейин акча керектелет. Мамлекетте дагы, жеке компанияларда дагы мындай сумма жок. Кыргызстанда колдонулган учактар пайдаланылат», -деди Алымбай Абакиров.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18