Кыргыз-казак мамилелери. Эт алып кирүүгө киргизилген чектөө алынып салынды

11:29, 19 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Казакстандын Айыл чарба министрлиги буга чейин Кыргызстандын ишканаларынан эт алып кирүүгө киргизген чектөөнү алып салды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, өлкөдөгү «Риха» ЖЧКсы, «Кантнанзаводу» ЖАК, «Баркад» ЖЧКсы, «Салих» ЖЧКсы, «Адал-Азык» ЖЧКсынан чектөөлөр алынды.

«Мамлекеттик ветеринардык инспекция коңшуларга Кыргызстандагы эпизоотикалык абал тууралуу маалымат берген, ага ылайык Казакстандын ветеринардык көзөмөл жана тескөө комитети чектөөнү алып салды», — деп жазылат маалыматта.