Ош облусуна караштуу Алай районунда 44 жаштагы аял уксус ичип өз жанын кыйды. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Будалык айылынын 1974-жылы туулган тургуну өз үйүндө уксус ичип алган. Кийин ал ооруканада жан берген.
«Каза болгон жарандын артында 5 баласы жана жолдошу калды. Маркумдун эмнеден улам өз жанын кыйганы аныктала элек», — деп билдирди ОИИБ.