09:50, 19 октября 2018, Бишкек - 24.kg
Жыл башынан бери 96 миң 765 жаран салыкты электрондук түрдө төлөшкөн. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, электрондук түрдө салык төлөгөндөрдүн саны 1,7 эсеге өскөн. Тактап айтканда, 56 миң 926 кишиге көп төлөгөн. Ал эми электрондук кол коюуну пайдаланбай отчет берүү кызматына 92 миң 665 салык төлөөчү кошулган.
Электрондук кол коюуну пайдаланбай отчет берүү кызматы жарандардын убактысын үнөмдөйт.