Сот Дүйшөнбек Зилалиевди шарттуу түрдө 3 жылга эркинен ажыратты

09:27, 19 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Биринчи Май райондук соту экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди шарттуу түрдө 3 жылга эркинен ажыратты. Өкүм угузулгандан кийин Дүйшөнбек Зилалиев соттун чечимине Бишкек шаардык сотуна арыздана тургандыгын айтты.

Айтымында, өкүм негизсиз чыгарылды.

Эске салсак, Дүйшөнбек Зилалиев бомба бар деген жалган маалымат бергендиги үчүн айыпталууда.