Ошто тогуз коргоол боюнча мэрдин кубогу өтүүдө

09:15, 19 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Ошто тогуз коргоол боюнча мэрдин кубогуна 200дөн ашуун спортчулар катышууда. Ал тууралуу каала мэриясы билдирди.

Мелдешке Кыргызстандын 7 облусунан, Бишкек, Ош шаарларынан 200дөн ашуун спортчулар ат салышууда.

Спорттук мелдеш Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында, улуттук спортту өнүктүрүү жана мыкты спортчуларды тандоо максатында өтүп жатат.

Мелдеш 22-октябрь күнү жыйынтыкталат. Жеңүүчүлөргө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан кубок, медалдар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылат.