Көп жарандуулукка уруксат берүү сунушталды

08:39, 19 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров кыргызстандыктарда бир нече өлкөнүн жарандыгын алуу мүмкүндүгү болушу үчүн көп жарандуулукка уруксат берүүнү сунуштады.

«8-10 өлкөнүн жарандыгын алууга болот, ошол эле маалда ал адам өз өлкөсүнүн жарандыгын дагы сактап калат. Мисалы, мындайга Израилде уруксат берилген. Анда жарандар каалаган өлкөнүн жарандыгын алып, бирок израиль жарандыгынан чыгарылбайт», — деди депутат.

Кыргызстандын мыйзамдары өлкө жарандарына бир гана жарандыкка ээ болууга уруксат берет. Башка өлкөнүн жарандыгын алган учурда кыргыз паспортунан баш тартышы керек болот.