Бишкекте турак үйлөрдүн 38 пайызына жылуулук берилди

17:35, 18 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте турак үйлөрдүн 38 пайызына жылуулук берилди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Бишкекжылуулуктүйүнү» ААКдан билдиришти.

Жылуулук үзгүлтүксүз жана авариялык жагдай түзүлбөстөн берилүүдө.

Жылуулукка кошулган бала бакчалар, мектептер жана ооруканалар 8 пайызды түздү. Ал эми жылуулук жана ысык сууга карызы бар кардарларга карызды төлөгөндөн кийин гана жылуулук бериле баштайт.