«Жарайт Сити» той. Мурутчан агай Нурсултан Курсаналы уулу үйлөндү

10:57, 18 октября 2018, Бишкек - 24.kg

«Жарайт Сити» тамаша-шоусунун катышуучусу Нурсултан Курсаналы уулу үйлөндү. Анын тою кечээ шаардагы ресторандардын биринде шоу-бизнестин өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Нурсултан Курсаналы уулу Диана аттуу кызга баш кошту. Буга чейин Диананын кыз узатуусу Казакстанда өткөн.

Белгилей кетсек, актер Нурсултан Курсаналы уулу «Жарайт Сити» тамаша-шоусунда мурутчан агайдын ролун аткарып элге таанылган.