10:07, 18 октября 2018, Бишкек - 24.kg
Өнөр жай, энергетика жана тоо-кен байлыктарын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Алымбек Орозбеков 24.kg агенттигине Казакстан менен Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май алып келүү тууралуу сүйлөшүүлөр кандай жүрүп жатканын айтып берди.
Макулдашуулардын айрым бөлүктөрү иштелип жатат. «Казакстан болгону бензин жеткирип берет, дизель жана реактивдүү май алардын өзүндө жетишсиз», -деди Алымбек Орозбеков.
Азырынча аткаминерлер күйүүчү-майлоочу май качан алынып келинээрин айта алышпайт. Казакстанда макулдашуу ратификацияланышы керек. Маалыматка таянсак, күйүүчү майга болгон баалар төмөндөшү мүмкүн.