08:19
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Баткенде жол кырсыгынан 23 адам жабыркап, бирөө каза болду

Ош-Баткен-Исфана автожолунун 284-чакырымындагы жол кырсыгында 23 адам жабыркады. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жол кырсыгы кечээ, 17-октябрда саат 14.40да, Баткен районунун Ак-Татыр айылынын аймагындагы болду. Анда эки Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү  ууна кагылып кеткен. Алардын бири Ош-Исфана багытында экинчиси Исфана-Бишкек тарапка жүргүнчү ташып бара жаткан. 

Баткен облустук ооруканасында 22 жаран жаткырылды. Алардын бешөө оор абалда жандандыруу бөлүмүндө. Ал эми экөөсүнө амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Бирөө каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар