Жабырлануучулардын биринен 1600 АКШ долларын, паспорт, телефон жана башка баалуу буюмдарын тартып алып, андан соң дагы акча талап кылууну улантышканы айтылууда
9-октябрда мекендешинен 10 миң рубль акча алып жаткан жеринен 26 жаштагы Мадияр Касымбеков, 25 жаштагы Абдилманап уулу Аскар кармалган.
Таксомотордук компания имаратынын ичинен акчалар, пистолет, 54 кишинин айдоочулук күбөлүгү, 35 паспорт жана үч аскердик билет табылган. Иликтөө жүрүп жатат.