00:19
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Өспүрүмдөр менен иш алып баруу боюнча инспекциянын тизмесинде 140 бала катталган

Бишкекте жашы жете элек өспүрүмдөр менен иш алып баруу боюнча инспекциянын тизмесинде 140 бала каттоодо турат. Бул тууралуу мэриянын билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова билдирди.

Айтымында, алгачкы профилактиканы уюштуруу үчүн мектептерде социалдык-психологиялык иштер жүргүзүлүүдө.

«2017-2018-окуу жылында мектептеги психологдор кооптуулук жараткан балдарды аныктоо үчүн 5-11-класста окуган 67 миңден ашуун окуучуну тесттен өткөрүшкөн. 1 миң 200 бала мектеп психологдору тарабынан каттоого алынган. Алар жана ата-энелери жеке кеңеш алып турушат, мындан сырткары ар кандай тренингдер өткөрүлүүдө», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар