19:08
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жеткиликтүү турак жай. 3 миң 500 үй-бүлө турак жай менен камсыз болду

«Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасын каржылоого республикалык бюджеттен 3,6 миллиард сом бөлүндү. Бул 3 миң 500 үй-бүлөнү турак жай менен камсыздоону шарттады. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу кеңешмеде билдирди.

Аталган программаны 2018-жылдын аягына чейин каржылоо үчүн кошумча 500 миллион сом табылды.

«Бирок муктаждарды турак жай менен камсыздоо үчүн каражаттар дагы эле жетишсиз. Биз мындан ары да активдүү иштөөгө тийишпиз жана ипотекалык насыялоо боюнча үстөктөрдү төмөндөтүү жана аны мындан дагы жеткиликтүү жана натыйжалуу кылуу үчүн ипотекалык насыялоо механизмдерин жакшыртуу боюнча милдеттерди алдыбызга коюбуз», — деди премьер-министр.

Эң көп окулган жаңылыктар