Бишкектеги ишканалардын биринен өрт чыгып, кесепетинен адам өмүрү кыйылды

10:24, 17 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги ишканалардын биринен өрт чыгып, кесепетинен адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кароолчунун эс алуу бөлмөсүнүн ичинен кийим-кече, үстөл, килем, жыгач терезе күйүп кеткен. Кырсык болгон жерде 1963-жылы туулган К.Р. аттуу киши түтүнгө ууланып каза болгон.

Өрттүн чыгышына электр жабдууларын куроодо эрежелердин бузулушу себеп болушу мүмкүн.