09:08, 17 октября 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкектеги балдар бакчаларга электрондук кезек аркылуу 5 минден ашуун бала кабыл алынды. Бул тууралуу мэриянын билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова билдирди.
Маалыматка караганда, кезекке жалпысынан 11 миң 753 бала турган, ал эми 5 миң 267си бала бакчага кабыл алынды.
«Шаардык статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Бишкекте 3 жаштан 7 жашка чейин 88 миң 749 бала жашайт. Балдар бакчасына баргандардын саны 22 миңден ашуун», -деди билим берүү башкармалыгынын башчысы.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 85 муниципалдык балдар бакчасы иштейт.