Бишкекте 17 жаштагы студентти өлтүрүп кетишти

17:08, 16 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 17 жаштагы студентти өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан өздүк булак билдирди.

Маалыматка караганда, студент кыз кесиптик-техникалык лицейде окуп жаткан. Ал агасынын үйүндө жашачу.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Каза болгон кыздын башы жаракат алган.

Бишкек ШИИББ аталган маалыматты тастыктады. Окуяга шектүү делген жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.