Москва шаарында 19 жаштагы жигит бычактан каза болду. Бул тууралуу Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.
Элчиликтин маалыматына караганда, аталган окуя 13-октябрда «Макдональдс» тез тамактануучу жайында болгон. Анда бир топ кыргыз жарандары мушташып, бычакташканга чейин барышкан. Жыйынтыгында бир бала оор жаракат менен ооруканага жеткирилип, 14-октябрда көз жумду.
Учурда сөөктү мекенине жеткирүү боюнча тийиштүү документтер даярдалууда. Ошондой эле бычактаган жаранга карата кылмыш иши козголду.