Кыргыз Республикасынын жарандыгына 156 адам кабыл алынат

10:15, 16 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгына 156 адам кабыл алынат (алардын 125 — чоң адамдар жана 31 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.