Бишкекте жол эрежесин одоно бузган айдоочуну издеп жатышат

09:58, 16 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору Бишкектеги Токтогул жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде жол эрежесин одоно бузган айдоочуну издеп жатышат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган ведомстводон билдиришти.

Окуя 2 жума мурун болгон. Бул тууралуу башкармалыктын кызматкерлери ЖМК аркылуу билишкен. Маалыматка караганда, айдоочу жана унаа табыла элек.

«Мицубиси» унаасы GEO-TAL ЖЧКга таандык. Рулда ЖЧКнын жетекчиси Юруслан Камилов отурган деген маалымат айтылууда.