Кыргызстандык спортчулар карате-до WKF боюнча мелдеште 5 медаль утушту

08:49, 16 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык спортчулар Орусияда өткөн карате-до WKF боюнча мелдеште 5 медаль утуп алышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Кейхацу» клубунун президенти Дмитрий Казанов билдирди.

Айтымында, Оренбургда «Европа — Азия» Бүткүл орусиялык мелдеш жыйынтыкталды. Иш-чарага орусиялык, кыргызстандык жана казакстандык 1,1 миң спортчу катышты. Кыргызстандын атынан «Самурай» жана «Кейхацу» клубдарынын спортчулары ат салышты.

Маалыматка караганда, кыргызстандыктардын капчыгында бир алтын, бир күмүш жана 3 коло медаль болду.

Фото