Самбо боюнча дүйнө биринчилигинде кыргызстандык спортчу коло медалды утуп алды

18:00, 15 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Грузияда өткөн самбо боюнча дүйнө биринчилигинде кыргызстандык спортчу коло медалды утуп алды. Бул тууралуу эл аралык самбо федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдеш Тблиси шаарында 12-октябрда башталган.

Кыргызстандык спортчу Колбай Мусакулов 48 килограммга чейинки салмактык категория боюнча беттешке чыгып, Монголиянын спортчусун жеңип, 3-орунга ээ олду.