Кыргызстандыктар ноябрь айынын башында 5 күн катары менен эс алышат

16:17, 15 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандыктар ноябрь айынын башында 5 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 7-8-9-10-11-ноябрь күндөрү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери үчүн жумуш күн эмес.

Кыргызстанда 7-8-ноябрда Тарых жана бабаларды эскерүү күнү белгиленет. Ал эми 9-ноябрдагы иш күнү 3-ноябрга (ишемби) жылдырылат. 10-11-ноябрь ишемби жана жекшембиге туш келет.