Суроо-жооп. Ажырашканда аялга тиешелүү мүлккө көз арткан туура эмес

15:47, 15 октября 2018, Бишкек - 24.kg

24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Ажырашкандан кийин жолдошу тарап септи бербей койду. Бул туурабы?

Жооп: Динде адам укугуна чоң көңүл бөлүнөт. Адам укугун тепсегендерге чоң жоопкерчилик каралган. Сеп -бул кызга берилген белек, таберик. Андыктан ал туура эмес, адам акысы адал болот.