Кадамжай районунда сууга «Лексус RХ — 300» үлгүсүндөгү унаа түшүп кетти

11:36, 15 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Ак-Суу суусуна «Лексус RХ — 300» үлгүсүндөгү унаа түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 14-октябрда саат 22:26 чамасында Кадамжай—Жийделик унаа жолунун 5-чакырымында болгон.

Башкаруусун жоготкон унаанын ичиндеги 2 эркек киши жаракат алган эмес. Кырсык болгон жерге куткаруучулар барып, унаанын ичиндеги адамдарды суудан чыгарышты.