Кыргызстандык спортчу эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште 3-орунду алды

09:23, 15 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык спортчу эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште 3-орунду алды. Бул тууралуу Орусиянын спорттук күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Нефтеюганскта мелдеш уюштурулуп, ага 15 мамлекеттен 130дан ашуун спортчу катышты. Медалдар 10 салмак категориясында ойнотулду.

Кыргызстандын атынан 6 балбан күрөштү. Икромжон Хаджимуродов коло утуп алды.

Фото